Menü
Эл-Сөздүк

Письменные сделки

ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ БҮТҮМ – жазуу жүзүндө жасалуучу (жөнөкөй же нотариалдык) бүтүмдөр. КР жарандык мыйзамдары боюнча бүтүмдүн мааниси камтылуу менен, бүтүм жасаган жактын же жактардын же алар белгилүү деңгээлде ыйгарым укук берген жактардын өздөрү кол коюу аркылуу түзүлгөн документтер жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүм катары эсептелет. Эки тараптуу (көп тараптуу) бүтүмдөр баардык чыккан тараптардын колу коюлган документтерди алмашуу жолу менен түзүлөт. Мыйзам чыгаруу аркылуу жана тараптардын макулдашуусу менен, бүтүм таризине шайкеш келе тургандай (белгилүү бир тариздеги бланкага жазылып, мөөр менен бекитилген) кошумча талаптар белгилениши мүмкүн, жана да ал талаптарды аткарбай коюу кандай кесепеттерге алып келе тургандыгы каралат. Эгер мындай кесепеттер каралбаса, жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүмдөрдүн талаптарды аткарбоо кесепети колдонулат. Бүтүм жасоодо механикалык каражаттардын жардамы менен кол коюуну түгөйлөштүрүүгө же дагы башка көчүрмө, электрондук-сандык кол коюуга же жекече кол коюунун дагы башка түрлөрүнө мыйзамдарда каралган учурларда жана тараптардын макулдугу менен гана жол берилет. Эгер жаран мүчө кемчилдигине, оорусуна же сабатсыздыгына байланыштуу жеке өзү кол койо албаса, анын өтүнүчү менен башка бирөө кол коюшу мүмкүн. Ошол адамдын койгон колу нотариалдык иш-аракет жасоого укугу бар нотариус тарабынан бүтүм жасоого катышып жаткан жактын эмне үчүн жеке өзү кол койо албагандыгынын себебин көрсөтүү менен, күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Письменные сделки

Rusça Kırgız
Сделки. Бүтүмдөр.
Форма сделки Бүтүмдүн түрү
Прямые Сделки Тике операциялар
Сделки с аффилированными лицами Байланышы бар жактар менен жүргүзүлүүчү иш аракеттер
Письменные запросы подлежат регистрации. Жазуу түрүндөгү суроо-талаптар катталууга тийиш.
День, в который происходит заключение сделки. Бүтүмгө келишилген күн.
Сделки, выполненные микрофинансовых организаций Микрокаржы уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу бүтүмдөр
Сделки осуществляются с помощью микро-финансовой компании Микрокаржы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттер
Форма сделки должны подчиняться закону места совершения сделки. Бүтүмдүн түрү ал жасалган жердеги укукка ылайык келүүгө тийиш.
Сделки осуществляются с помощью микро-кредитной компании и микрокредитного агентства Микронасыялык компания менен микронасыялык агенттиги тарабынан жүргүзүлүүчү иш аракеттер
Письменные и офисные принадлежности и аксессуары, и расходные материалы для искусства и обучения. Канцелярдык жана кеңселик буюмдар жана куралдар, көркөм чыгармачылык жана окутуу үчүн материалдар жана буюмдар.
1) Вторичный рынок земли - сделки с правом на земельный участок, выделенный уполномоченным органом. 1) жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер тилкесина болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм;
Цена валюты одного государства, выраженная в валюте другого государства, установленная на момент заключения сделки. Бир мамлекеттин башка мамлекеттин валютасында туюндурулган валютасынын бүтүм келишилген учурга карата белгиленген баасы.
Государственная регистрация права на недвижимое имущество, находящееся в муниципальной собственности и сделки с ней Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана алар менен жасалган бүтүм
Обеспечить письменные или устные объяснения, замечания, и предложения, касающиеся объектов незавершенного экспертизы; эксперттелип жаткан объекттерге карата жазуу түрүндөгү же оозеки түшүндүрмөлөрдү, сын-пикирлерди, сунуштарды берүүгө;
Комиссионер должен выполнить все обязательства и осуществить все права, вытекающие из сделки, заключенной с третьим лицом. Комиссионер өзү үчүнчү жак менен түзгөн бүтүмдөн келип чыккан бардык милдеттенмелерин аткарып, укуктарын ишке ашырууга тийиш.
Земельный участок, находящийся в пользовании, может быть передано в результате сделки гражданского права следующим образом: Пайдаланууда болгон жер тилкеси жарандык-укуктук бүтүм боюнча өтүшү мүмкүн:
Курс, по которому одна валюта обменивается на другую с поставкой немедленно или на второй рабочий день после заключения сделки. Бир валюта экинчисине дароо берүү же бүтүмгө келишилгенден кийинки экинчи жумуш күнү эле берүү шартында алмаштырылган курс.
Сервисные компании включают сделки, такие как парикмахерские услуги, ремонт бытовых товаров, общественного питания и вулканизации. Тейлөө компаниялар чач алуучу жайларды, тиричилик техникаларын оңдоону, кафе, дөңгөлөк чаптоо жана башкаларды камтыйт.
Если комиссионер сообщает, что он относится разницу в цене на свой счет, принципал не может отказаться от сделки, заключенной для него. Эгерде комиссионер баалардын ортосундагы айырманы өзүнүн эсебине алгандыгы жөнүндө билдирсе комитенттин ал үчүн түзүлгөн бүтүмдөн баш тартууга укугу жок.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: